• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

ЖАМК: Жээнбековдун кайрылуусу боюнча иликтөө жүрүп жатат

29 Үчтүн айы 202016:37 Бишкек Govori.TV

Буга чейин камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков Кыйнооого каршы улуттук борборуна жана ЖАМК төрагасы Мелис Турганбаевге жардам сурап кайрылган. Жээнбеков 28-январда түнүндө ЖАМК кызматкерлери орой мамиле кылып, ал жаткан №307 камераны тинтүүгө алганын айтып берген эле.

Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Самат Калыков Равшан Жээнбековдун кайрылуусу боюнча расмий билдирүү келе электигин билдирди.

Расмий кайрылууну көрө элекмин. Ал эми Жээнбековдун билдирүүлөрү боюнча ички иликтөө жүруп баштады. Абакта 24 саат иштеген видеокамералар бар. Жыйынтыгыбоюнча кошумча маалымат беребиз», — деди Калыков.

Жээнбековдун айтымында, кечээ, 28-январда абактагы 307-камерада 22:00дөн кийин ЖАМКтын 7-8 кызматкери жана атын атоодон баш тарткан подполковник тинтүү жүргүзүп башташкан.

Кызматкерлер өзүлөрүн орой алып жүрүп, камерадагылардын төшөнчүлөрүн, кийим-кечек, тамак-аштарын полго чачышкан. Аларды тебелеп, камактагыларды шылдыңдап, орой мамиле кылышкан. Равшан Жээнбеков подполковниктен өзүн тааныштырууну сураганда, кагып таштаган. Мунун баары 2 саатка созулуп, алар кеткенден кийин камерадагылар түнкү 3:00кө чейин оокаттарын иреттеп, жыйнаганга туура келген.

Мындай мамилеге жана түнкү маалда коридордо көпкө турууга чыдай албаган камактагы бир жаран эсин жоготуп, кулап түшүп, башы менен полго тийген. Дагы бирөөсүнүн кан басымы көтөрүлгөн.

«Түн ичинде улам дарыгер чакырып атып, эс ала алган жокпуз. Мен эртең менен саат 8:00дө ИИМге барышым керек эле, мындай түнкү кыйноолордон кийин кылмыш ишинин материалдары менен жакшылап тааныша албай калдым.

Тергөө изоляторунун кызматкерлеринен мага карата басымдардын көбү «жогору жактын» буйругу менен уюшулуп жатканын такай угам. Мындан улам, булар мага− саясий туткун жана оппозициячыл маанайдагы саясатчыга карата− атайын уюшулган кыйноолор эмеспи, ушул суроомо жооп берүүңүздү суранам.

Ошондой эле түндө медициналык жардам көрсөтүүгө туура келген камералаштарымдын дагы бир ирет медициналык кароодон өтүүсүнө көмөк көрсөтүүңүздү өтүнөм», -деп айтылат кайрылууда.

Количество просмотров: 117