• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жаналиева: Жаңы нерселерди үйрөнүп, башкаларга мотивация бергим келет

8 Тогуздун айы 2021 14:44 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Наргиза Жаналиева.

Ал Жайыл районунун Сары-Булак айыл аймагынан келген, Сары-Булак айыл өкмөтүндө башкы адис болуп эмгектенет.

«Мен кичи долбоорлор менен иштейм. Алардын бири биздин айылдагы мектептин ашканасына ысык тамак жасоо үчүн жалпы керектелүүчү жабдыктарды алдык. Мындан тышкары дагы бир долбоордун алкагында жаңы келген депутаттардын ишин андан ары улантууга көмөк көрсөтүп, окуулардан өткөрдүк.
Бул долбоорго катышып жатканымдын себеби дагы да иш тажырыйбамды өстүрүп, өзүм жашаган айыл аймагынын өнүгүүсүнө салым кошсом дейм», — деди Жаналиева.

Количество просмотров: 101