Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар акыйкатчы Токон Мамытов менен Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулаймановдун отчетун угууда.
Анда Жанар Акаев сын айтып, акыркы мезгиле акыйкатчы элдин ишениминен кетип жатканын кошумчалады.
Жанар Акаев УКМКнын тергөө абагында кармалып жаткан мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун укугун коргоо үчүн акыйкатчы эч нерсе жасабай жатканын айтты. Ал Сапар Исаковдун ооруп жатканын эске салды.
Токон Мамытов Сапар Исаковго барганынкылганын айтты. Ал Жантөрө Сатыбалдиев жана башкалар менен да жолугуп, баарлашканын кошумчалады.