• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Жанар Акаев аялын сабады деген маалымат тарады. Бул боюнча депутат өзү эмне дейт?

9 Үчтүн айы 2021 16:48 Бишкек Govori.TV

Депутат Жанар Акаев үй-бүлөсүндө баары тынч экенин билдирип, социалдык тармактагы баракчасында жазды.

«Урматтуу достор, өзгөчө журналисттер, «Жанар Акаев аялын сабады» деген маалымат таптакыр чындыкка дал келбейт. Андай болушу мүмкүн да эмес. Муну кайсы булак, эмнеге таянып билдирди? Же ар бириңерди үйгө чакырайынбы? Баса белгилеп айтып коёюн, андай болгон эмес, эч качан болбойт дагы», — деп билдирген.

Бул арада Жанар Акаевдин жубайы да Твиттер баракчасында: «Менде баары жайында. Эч кайсы жакка, эч кандай арыз жазган эмесмин!», — деп билдирүү калтырган.

Буга чейин Айрым басылмалар Жанар Акаев аялын сабап, ал укук коргоо органына арыз менен кайрылганын жазышкан.

«К.Ж. аттуу жаран күйөөсү аны үйдө сабагандыгын көрсөтүп, полицияга жардам сурап кайрылган. Андан кийин ал Ж.А. аттуу күйөөсүнүн үстүнөн жазуу түрүндө арыз жазган», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 3262