Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Бишкек шаарынын мэрин шаардыктар өздөрү шайлай тургандай кылсак жакшы болмок деген пикирин билдирди.
Бүгүнкү ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Акаев БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кайрылып, бул багытта долбоор сунушталса оң корутунду берүүнү сурады.
Эске салсак, мурда шаар мэрлерин жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлачу. 2021-жылы мыйзам өзгөртүлүп, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин президент, райондук маанидеги шаарчалардын башчысын аким дайындап калган.