• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жанар Акаев: Бизнесин жашырган” деп жазып чыкканы аша чапкандык

25 Аяк оона 2019 17:57 Бишкек Govori.TV

“Экономист” сайты Жогорку Кенештин депутаты Жанар Акаев декларациясын жашырып, «Akaev IDEA» атту компанияга ээ болот, деп жазып чыккан. Көп өтпөй Жанара Акаев, «Бизнесин жашырган” деп жазып чыкканы аша чапкандык», деп билдирди.

“Экономист” сайты менин 5 жыл мурдагы “жашырылган бизнесим” тууралуу жазып чыкты. Мен муну эч кандай саясатка же шайлоого шылтабайм, анткени аталган сайт маалымдаган Akaev IDEA жоопкерчилиги чектелген коомун мен мамлекеттик кызматка келгенге чейин ачканым анык. Бирок бул ОсОО эч кандай ишмердик менен алек болбогону тууралуу маалыматы болсо да, “бизнесин жашырган” деп жазып чыкканы аша чапкандык, анткени бул ЖЧК ачылып, бирок мен мамлекеттик кызматка өткөнүм үчүн ал таптакыр иш алып барган эмес. Бул ОсОО күркүрөп акча тапмак тургай, бир ирет да ишмердик жүргүзгөнгө үлгүргөн жок. Бир да пайда, киреше тапкан эмес, бул тууралуу салыктын төлөнүшү же ишмердик тууралуу оңой эле аныктап койсо болот. Мыйзам боюнча Жогору Кеңештин депутаты ишкердик менен алектенүүгө тыюу салынат, мен муну жакшы билем, ошондуктан мамлекеттик кызматка келээрим менен аталган министрликке ОсООну жаап салуу тууралуу арыз менен кайрылгам, бирок эмнегедир ошол учурда жабылган эмес, биздин кемчилик-арыз берген боюнча көзөмөлдөбөй калганбыз, жабылды деген ойдо. Бирок мен мыйзамды бузуп, ишкердик менен алек болгон эмесмин.
“Экономист” сайты саясатчыларды, эл өкүлдөрүн тартипке чакырып, кемчилигин көзгө сайып көрсөтүп турганы колдоого ала турган иш. Бул ОсОО азыр минюсттун сайтында ликвидация болчу ОсООлордун катарында турат. Кымындай иш жүргүзгөн эмес, болгону өз убагында жабуу арызыбыз көзөмөлдөнбөй калганын мен азыр териштирип жатам», — дейт Акаев.

Количество просмотров: 165