• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жанар Акаев: «Кабинетинде уйку сурап отурган вице-премьерлердин кереги барбы?»

18 Жалган куран 201910:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.03.2019. Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев социалдык тармагы аркылуу Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр боюнча үн катып мындай деди:

https://www.facebook.com/100003369744196/videos/2036880819767556/

“Баткендеги окуя баарыбызды түйшөлттү. Парламент бул маселени жабык карады. Мен эки нерсеге көңүл бурдум. Маселени терең алып караганда, Чек аранын күч бөлүмүн тейлеген вице-премьер-министр иштеп жатат. Бирок, бир дагы жылыш болгон жок. Ушундай вице-премьерлерди кабинетинде уйку суратып кармап отуруунун кереги барбы? Карасаңар Баткендин губернаторлугуна сауна иштеткен бирөөнү алып келип коюптур”,-деп нааразы болду эл өкүлү.

Эске салсак, Баткен облусунун Ак-Сай, Көк-Таш айылын жашоочулары жана Тажикстандын Ворух аймагынын тургундары менен чыр чыккан. Эки тараптын чек арачылары элди басуу үчүн асманга ок чыгарышкан. Жыйынтыгында тажик тараптан 2 киши каза болуп, Кыргызстандан бирөө жаракат алган. 14-март күнү түштө кырдаал курчуп, Баткендин ички иштер кызматкерине ок тийген.

Количество просмотров: 47