Өкмөт азыркы кырдаалда интернетте сөгүнгөндөрдү кармагандан башка иш кылган жоксуңар. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.
Акаев Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнөн Орусиядагы Кыргыз жарандарын өлкөгө кайтарууга учак жөнөтүүгө уруксат бербөө жөнүндө орус бийлигинин документин көрсөтүүнү суранды.
«Мына, жок, эч кандай кагаз! Иштебей атасыңар. Өкмөттүн ушул кырдаалда кылган бир гана иши интернетте сөгүнгөндөрдү кармап, жазалоо гана болуп калды. Башка эч кандай иш кылган жоксуңар. Бир жума дебей, бир ай десек иштебей коёсуңар», — деди Жанарбек Акаев.