• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Жанар Акаев кыргыз элчисинин Түркиядан акча сураганын сынга алды

16 Тогуздун айы 201915:06 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркиядан «Ыйман» фондуна каражат сураганы тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын пикирине кызыкты.

«Өткөндө бир окуя болуп, Түркиянын элчиси «биз силерге мечит салып бергенбиз. Жардам берип атабыз» деп айтып чыккан. Жардам сурап жүрүп ушундай сөздү угушубуз керек беле? Динге, окутууга кандай каражат кетет? Экономика жана башка маселелер менен иштешибиз керек. Бирок ушул багытка элчибиздин акча сурашы кандай көрүнүш? Бул боюнча мамлекеттин позициясы барбы?», — деди Жанарбек Акаев.

Парламенттин 16-октябрдагы жыйынында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов эл өкүлүнүн суроосуна жооп берип, элчинин сөзү массалык маалымат каражаттарында туура эмес чагылдырылып калганын айтты.

Количество просмотров: 34