«Бүгүн Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы болжолдуу чыкты. Биз аны менен таанышып чыктык. Бирок, колубузга берген жок. Анткени экспертизанын жыйынтыгын Уландын ата-энесине жана бир туугандарына гана беребиз дешти. Ал жерде алар Улан Эгизбаевдин ашказанындагы эмне тамак жегендигин текшеришкен. Ууланган эмес, тамагында уулуу зат табылган эмес деген жыйынтык чыгарышыптыр»,-деди Жанар Акаев.
«Буга чейин Улан Эгизбаевдин бутунда так болгон эмес. Биз сүрөттөрүн карап чыктык. Андыктан биз ИИМдин жана Саламаттыкты сактоо министрине экспертиза боюнча айтып, Улан Эгизбаевдин өлүмүн иликтөөдө кымындай да бурмалоо болбосун, кимиңер болбосун,башыңар менен жооп бересиңер»,- деп эскерттик дейт Жанар Акаев.