• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жанар Акаев: «Взятканы взяточниктер» уурдаган Кыргызстанда кана болот

21 Жетинин айы 2019 12:12 Бишкек Govori.TV

Жанар Акаев УКМКнын сейфинен 200 миң доллар жоголбосо, акчанын сериясынын номурун көрсөтүүсүн талап кылды.

Анын айтымында, коомчулукта аябай чоң сенсация болуп, 200 миң доллар УКМКда тергөөчүнүн сейфинен жоголуп кеткен деп айтылууда, ар кандай шектенүүлөргө чекит коюп, өздөрүнүн кадыр-баркын сактап калсын деп, Жанар Акаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен паранын далили катары алынган акчаны коомчулукка көрсөтүүнү талап кылды.

Улан Чалбаевдин атасы ири суммадагы ал акчаны казиного уттуруп койгон деп жатат. Коомчулук ошого ишенип жатат. Эгер андай эмес болсо УКМК эмне үчүн ошол акчаны далил катары сотто көрсөткөн жок. Коомчулукка сериясынын номурун көрсөтүп тынчтандырыш керек эле да. Эгер 200 миң доллар жоголсо чукул арада Аскер прокуратурасы иш козгоп, тиешелүү адамдарды кечиктирбестен жоопко тартышы керек. Чалбаевдин кабинетинен кармалган акчаны далил катары ММК аркылуу элге көрсөтсүн. Акчанын сериясынын номуру дал келсин, адвокаттар ошого ишенсин.

Эске салсак, былтыр 2018-жылы 16-апрелде Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоону колдоо башкармалыгынын башчысы Уланбек Чалбаевдин иш бөлмөсүндө ыкчам тинтүү иштери жүрүп, анда табылган баштыктан 200 миң АКШ доллары чыкканы жарыяланган.

УКМК ошол кезде акчаны Бишкек шаардык сотунда каралып жаткан, парламенттин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун кылмыш ишин анын пайдасына чечип берүү максатында берилген пара катары сыпаттаган.

Уланбек Чалбаевдин кылмыш иши 2018-жылдын 10-октябрында тергелип бүтүп, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилген. Бирок андан бери Бишкектин Биринчи май райондук соту бул ишти карап чыгып, тиешелүү чечим чыгара элек.

Количество просмотров: 118