Бишкек.08.08.2019.Govori.TV.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловго экинчи жолу операция жасалып, учурда абалы оор. Бул тууралуу бир Бишкек травматология жана ортопедиялык изилдөө борборунан билдиришти.
Белгилей кетсек, Самат Курманкуловдун буга чейин комага түшүп калганы боюнча маалымат берилген.
Эске салсак, 7-август күнү күч органдары тарабынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо үчүн атайын операция жасоо учурунда 48 адам жаракат алып, бир атайын кызматкер каза болгон.