“Тоо Балдары” коомдук фонду «Жандуу китеп» аттуу иш-чара өткөрөт. «Жандуу китеп» – бул ар кандай темада жандуу маек курган кызыктуу долбоор! Бул жерде китептер кагаздан эмес – жандуу киши!
Ар бир кишинин жашоосу – өзүнчө окуя, жазылбай калган китеп. Катышуучу «китеп» болуп, өзүнүн уникалдуу тажрыйбасы же окуясы менен бөлүшөт, ал эми «окурмандар» жаңы темаларды ачып, алар боюнча суроолорду берип, талкуу кылып, өздөрү жаңы барактарды жаратып, жаңы дүйнөлөрдү ачат. Бул долбоор коомдо ар түрдүүлүктү, түшүнүүнү жана өз ара катышты өнүктүрүүгө багытталган.
Иш-чаранын негизги максаты — стереотиптерди жоюу, жандуу диалог түзүү жана адамдар арасында өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүү.
Жандуу китептин каталогу:
1) Олжобай Шакир – жазуучу
2) Эдил Абдыраев – ишкер «Бизнестеги сабырдулук».
3) Насыпбек Асанбаев – жазуучу. “Балдар адабияты маанилүүбү?”
4) Урмат Борченов – алып баруучу. “Акыйкатсыздыкка чыдамсыздык”
5) Үзүр Жусупбеков – грек-рим балбаны, Париждеги Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси. «Спорттогу сапарым»
6) Бурул Шамбаева – мугалим. “Мен мугалиммин”
7) Курманбек Аманазаров – мергенчи, улуу тоодо камалып калып 8 ай жалгыз жашаган адам.
8) Алмамбет Осмон уулу – устаз, теолог. Куранды кыргызчага 4 жыл ичинде которгон устаз. Курандын ичинде инсан.
«Жандуу китеп» 14-декабрда саат ондон бирге чейин Улуттук китепканада өтөт.