• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Улуттук китепкана vs иштен алынган китепканачы. Акыйкат ким тарапта?

19 Теке 2022 18:05 Бишкек Govori.TV

20 жаштагы Бекжан Мелисов 2-топтогу майып. Бирок 2021-жылдын март айындагы окуядан кийин Бекжанга китепканага кирүүгө тоскоолдуктар жаралган.

Жаңжалдан кийин Бекжан Мелисов китепканага кирүү укугунан убактылуу ажыраган. Ал эми улук китепканачы Рыскүл Мамбеталиева жумуштан алынып калганын айтып, нааразы болду.

Мамбеталиеванын кызыкчылыгын коргогон юридикалык компания келтирилген моралдык чыгымдын ордун толтуруу жана жумушка кайтаруу талабы менен Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна доо — арыз менен кайрылган.

Ал эми аталган китепкананын жетекчилиги менен кыргыз китеби бөлүмүнүн башчысы бул дооматтар менен макул эмес.

Бүгүнкү күндө китепканачы Рыскүл Мамбеталиева менен Улуттук китепкананын иши сотто каралып жатат.

Количество просмотров: 311