Бишкек.26.08.2019.Govori.TV.
КСДП партиясы Ички иштер министрлигине жана Башкы прокуратурага ачык кат жолдоду. Бул тууралуу «Апрель» телеканалынын расмий сайты жазды.
Кайрылуу Улуттук көркөм өнөр музейинин директору Мира Жангарачева менен Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун ортосунда болду делген телефондук сүйлөшүүнүн аудио жазуусуна байланыштуу. Бул жазууну социалдык тармакка жарыялагандардын билдиришинче, телефондук сүйлөшүү 2019-жылдын 7-августунда болгон.
КСДПнын ИИМ жана Башкы прокуратура башчыларына кайрылуусунун тексти:
«Сиздерден телефондук сүйлөшүүгө экспертиза жасоону өтүнөбүз, биз өз кезегинде аталган жазуунун жасалма эместигин тактоо үчүн чет өлкөдөгү эл аралык экспертизага жөнөткөнүбүздү билдиребиз.
Биз сиздерден бул телефондук сүйлөшүү боюнча Мира Жангарачева менен Курсан Асановду суракка алууну, эгер жазуунун жасалма эмес экени такталган болсо, Мира Жангарачевага карата киши өлтүрүүгө түртүү, зомбулук кылууга үндөө фактылары менен кылмыш ишин козгоого чакырабыз. .
Бизде Мира Жангарачевага карата эч кандай жаман көрүү сезимдери жок, жамандык да каалабайбыз, бирок мамлекеттик кызматкердин, болгондо да жаштарга үлгү көрсөтүүчү музей жетекчиси рангын алып жүргөн адамдын мындай жүрүм-турумун туура эмес деп эсептейбиз.
Сиздерден териштирүү иштерин жүргүзүп, мыйзам чегинде кылмыш ишин козгоону көптөн-көп суранабыз, болбосо, бийлик Атамбаевди жок кылып коюуну көздөгөн деген эл арасындагы сөздөр ого бетер бекемделип, Мира Жангарачеванын айтканына көнбөй койгон Курсан Асановдун жумуштан айдалуу фактысы ал ойду тастыктап калат».
Ошол эле учурда, музейдин директору Мира Жагарачева фейсбуктагы оздк баракчасы аркылуу КСДП партиясы жолдогон ачык катка жооп берди.
«Мен бир айга жакын убакыттан бери унчукпай аттым, силердин азыркы абалыңарда башка олуттуураак иштер менен алек болосуңар го деп ойлодум. Анча болду, мени Трамп же Путин менен кучакташтырып, же чай ичип жаткандай көрсөтүп, телефон менен байланыштырып, аларга да тапшырма берип жатат деп жазып койсоңор болмок. Силер жакшы хейтерлер экенсиңер, саясаттан эбак кеткен менин акцияларымды көтөрүп койдуңар. Мен силерге коркуп, же манипуляция кылса болчу адам эмесмин»,-деген билдирүүсүн жазган.
