• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жантөрө Сатыбалдиев тергөө бүткөнчө абакта калтырылды

25 Теке 20189:29 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 25. 07. 2018. Govori.TV
Экс-премьер министр Жантөрө Сатыбалдиев ага козголгон кылмыш иши тергелип бүткөнгө чейин камакта болот. Мындай чечимди Жогорку Соттун соттук коллегиясы чыгарганы маалым болду.
Жогорку Соттон кабарлашкандай, демек, Жантөрө Сатыбалдиев буга чейинкидей эле УКМКнын алдындагы убактылуу тергөө жайында кылмыш ишинин тергөөсү аягына чыгып, сотко өткөнгө чейин кармалат. Ал эми соттук териштирүү башталган маалдагы баш коргоо чарасы сот аркылуу аныкталмакчы.
Эске сала кетсек, мурдагы өкмөт башчы Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу жемкорлукка айыпталып, 18-июнда кармалган.
Количество просмотров: 23