• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жаныбек Абиров: Кырдаалдан улам пайда көрүп калайын деген спекулянттар абдан көп

16 Жалган куран 2022 15:26 Бишкек Govori.TV

Кырдаалдан улам пайда көрүп калайын деген спекулянттар абдан көп. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров билдирди.

Абировдун айтымында, Кыргызстандын Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги базарларды кыдыруу менен бааларга болгон көзөмөлдү күчөтүшү керек.

«Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаалга байланыштуу батыш өлкөлөрү Орусияга салган экономикалык санкциялардын кесепети Кыргызстанга да тийе баштады. Доллардын баасы кескин көтөрүлдү. Деген менен бул жаатта Улуттук банк долларды тышка чыгарууга тыюу салуу менен жакшы иштерди жасады. Ал эми Министрлер кабинети иштеп чыккан антикризистик чаралар менен тааныша элекпиз. Базардагы баалардын кымбатташына социалдык тармактардагы маалыматтар дагы кандайдыр бир салымын кошту. Себеби интернет желесинде «кумшекер жетишпейт», «ун жок» деген маалыматтар жарыяланып кетти. Мындан улам коомчулукта ажиотаж жаралды. Ушундай кырдаалдарда пайда көрүп калайын деген спекулянттар дагы көп болот. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги базарларды кыдыруу менен бааларга болгон көзөмөлдү күчөтүшү керек»,-деди ал.

Количество просмотров: 134