Президент Садыр Жапаров 18-сентябрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине маек куруп, кийинки жылы 1-апрелден баштап мугалимдер менен медиктердин маянасы көтөрүлөрүн айтты.
Жапаров өлкө боюнча мугалимдердин тартыштыгы 2,5 миңден 947ге чейин түшкөнүн айтып, бул системалуу иштердин жыйынтыгы экенин белгилеген.
“Эмдиги жылдын 1-апрелинен баштап мугалимдер менен медиктердин эмгек акысын көтөрөбүз. Мындан сырткары, педагогикалык окуу жайды бүткөндөрдүн басымдуу бөлүгү мектептерге жөнөтүлөт. Ошондой эле бала бакчалардын тарбиячыларын башталгыч класстарга тартуу, студенттерди дуалдуу билим берүү аркылуу мектепке эрте аралаштыруу сыяктуу чаралар көрүлүүдө. Мугалимдердин тартыштыгы чечилет. Жогорку окуу жай министрлигине тапшырма бердим. Акыркы курстагы студенттер узак мөөнөттөгү практикага барып айлык дагы алып иштешет”, — деди Жапаров.