Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн маалымат жыйынын өткөрүүдө.
Анда Жапаровго журналисттер тарабынан мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү боюнча суроо узатылды.
Жапаров 2010-жылдагы апрель окуясында кан төгүлүп, токсондой өмүр кыйылганына жалгыз гана Бакиев күнөөлүү эмес экенин айтып, ага карата козголгон иш изилденерин билдирди:
“2010-жылкы окуя боюнча жалгыз эле Бакиевдер күнөөлү эмес. Башкалар да күнөөлүү болуп калат эгер чындап, адилеттүүлүк менен териштирсек. Ал кылмыш ишине жете элекпиз. Баарын кайрадан көтөрүп чыгып, каратып, изилдетишибиз керек”, — деди ал.
Бакиевди экстрадициялоо боюнча иш уланарын айтып, Жапаров бул маселеге азырынча жете электигин кошумчалады.
Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган Бакиев 2010-жылдын апрель окуясында элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн чыгып кеткен.