• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жапаров 4 жетекчини кызматтан алууну сунуштады

9 Бирдин айы 2023 14:19 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын коллегиялык жыйынынын жыйынтыгы менен иштеги начар көрсөткүчү үчүн республиканын аймактарындагы салык кызматынын 4 башкармалыктарынын жетекчилерин кызматтан алуу сунушун берди.

Кызматтан алуу керек болгон тизмеге Таш-Көмүр, Майлуу-Суу шаарларынын жана Токтогул, Ысык-Ата райондорунун салык кызматы башкармалыктарынын жетекчилери кирди.

Кызматынан төмөндөтүү үчүн Токмок шаардык, Ысык-Көл, Тоң, Жети-Өгүз, Түп, Москва, Манас, Алай, Өзгөн, Сузак жана Базар-Коргон райондорунун салык кызматы башкармалыктарынын башчылары сунушталды.

Жапаров Москва райондук салык кызматы башкармалыгынын жетекчисин ал жалгыз аял болгондуктан кызматтан төмөндөтпөөнү суранып, катуу сөгүш берүүнү сунуштады.

Количество просмотров: 53