• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Жапаров абакка 28-августта, кечинде кайтып келет

28 Баш оона 201917:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.08.2019.Govori.TV.

Уулун акыркы сапарга узатып, топурак салуу үчүн барган Садыр Жапаров Чүйдүн Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы колонияга бүгүн, 28-августта, кечинде кайтып келет. Бул тууралуу анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

Садыр Жапаровдун улуу баласы Дастан Садыр уулу 22-августта жол кырсыгына кабылып, 26-августта өзүнө келбей ооруканада көз жумган. Анын сөөгү бүгүн Ысык-Көлдүн Түп районундагы Кең-Суу айылына коюлду.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Жапаровго 27-августта уулунун тажыясына барып келүүгө уруксат берген эле.

Количество просмотров: 14