• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жапаров: Акаев өзүн актоо аракети менен баарын унуткарууда

5 Баш оона 2021 9:29 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Аскар Акаевдин мен жөнүндө айткандары калп жана жалаа жабуу. Бул тууралуу экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Акаев «Кумтөр» боюнча коррупциялык жана кылмыштык келишимдин башында турган.

«Мурдагы президент өзүн актоо аракети менен анын баарын унуткарууда. Акаев бардык жерде Акылбек Жапаров «Кумтөр» боюнча баарына күнөөкөр, канадалыктар менен сүйлөшүү үчүн атайын Торонтого барган деп айтып жатат. «Кумтөр» боюнча бир да чечим кабыл албаганымды, бир да макулдашууга кол койбогонумду расмий түрдө билдирем. Торонтого барган эмесмин. Акаевдин мен жөнүндө айткандары калп жана жалаа жабуу. Азыр «Кумтөр» боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Алдыда сот турат. Ал баарын өз ордуна коет»,-деп жазган ал.

Белгилей кетсек, мурдагы президент Аскар Акаев «Кумтөр» иши боюнча сурак берип, тергөө менен кызматташууда. Ал Кыргызстанга 2-августта келген.

Количество просмотров: 711