• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жапаров акимдерге 60 млн сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендерди жокко чыгарууну тапшырды

13 Баш оона 2021 13:42 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын алдындагы Автотранспорт бирикмеси тарабынан райондук администрация башчыларына (акимдерге) 60 миллион сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендерди жокко чыгарууну тапшырды.

Бул тууралуу бүгүн, 13-августта, мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Бул чечим өлкөнүн экономикалык оор абалын, ошондой эле аталган маселе боюнча коомчулуктун пикирин эске алуу менен жана бюджеттин өтө зарыл болбогон чыгымдарын азайтуу үчүн кабыл алынды», — деди Эрбол Султанбаев.

Количество просмотров: 2137