Садыр Жапаров президенттин ыйгарым укуктарын өткөрүп бере турганын бүгүн, 12-ноябрдагы маалымат жыйын учурунда айтты. Бул мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоого талапкер катары катыша турганы менен байланыштуу.
«Президенттин ыйгарым укуктарын өткөрөм. Бул автоматтык түрдө спикерге өтөт. Ал эми өкмөт башчынын ыйгарым укуктарын токтотуп турабыз. Милдеттери биринчи премьер-министрге өтөт», — деди Садыр Жапаров.
Мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.