• Бейшемби 25 Теке 2024
  • Четверг 25 Июль 2024

Жапаров «апрелчилерге» 1 гектар жер бөлүп бергенин айтты

22 Кулжа 2024 18:02 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2010-жылдагы Апрель окуясында жабыр тарткан адамдар эки жылдан бери жардам сурап келишкенин, жакында аларга 200 орундук тигүү фабрикасын куруу үчүн 1 гектар жер бөлүп бергенин «Кабар» агенттигине 22-июнда курган маегинде билдирди.

Мамлекет башчы апрелчилер мурдагы президент Курманбек Бакиевден каза болгон жакындары үчүн кун төлөп берүүсүн талап кылышын сурангандарын, бирок, андан баш тартканын айтты.

“Туугандар, мени Бакиев менен силердин ортоңорго аралаштырбагыла, ансыз деле менин башка баш оорум көп” деп баш тарткам. Арадан бир топ убакыт өтүп былтыр күз айларында дагы келди. “Биз Бакиев менен сүйлөштүк, ал бизге 200 кишилик тигүү фабрикасын куруп берүүгө убада берди. Бизге жер бөлүп бериңиз, биз абдан кыйналдык, алды чет өлкөгө тентип кетишти, артыбыз жумушсуз кыйналып жүрөбүз” деп суранышты. Акыбалдарын байкасам, чынында эле кыйын экен. Ортодо убактылуу өкмөт тарапка бир топ нааразылык сөздөрдү айтышты», — деген Садыр Жапаров.

Президент аягында «апрелчилердин» абалына боору ооруп, аларга фабриканын курулушу үчүн 1 гектардан ашыгыраак жер бөлдүрүп бергенин кошумчалаган.

«Апрель окуясында жакындары каза болгондор 205 киши топтолуп, акционер болуп акционердик коом ачышыптыр. Жерди ошол коомго бердик. Жалгыз кишиге берген жокпуз» деген мамлекет башчы «апрелчилер» менен Бакиевдердин сүйлөшүүсүнөн кабары жоктугун айтып, эгер фабрика курулбаса, жерди кайра мамлекетке алып коерун билдирди.

Количество просмотров: 150