• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Жапаров: Асман шаары сөзсүз салынат

25 Чын куран 2022 13:35 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине маек курду. Анда ал учурдагы актуалдуу маселелер боюнча суроолорго жооп берип, Асман шаары тууралуу кеп кылган.

«Сөзсүз салынат. Убакыт керек. Ал шаардын, түшүнгөн адамдарга, келечеги кең. Экологиялык таза шаар болот. Көлгө эч бир зыяны тийбегидей кылып долбоорлоп жатышат. Кагаз иштери абдан кылдаттыкты жана көп убакытты талап кылат экен да. Түндүк-түштүк альтернативалуу жолу бүтсө, ал шаарга Фергана өрөөнүнөн 4 саатта жетип келсе болот. “Тамчы” аэропорту жанында. Темир жол жанында. Кара-Кечеден ары келечекте Макмалга темир жол жетет, буюрса. Кыскасы тогуз жолдун тоомундагы шаар болот. Бир үй салсаң деле, эки-үч жылда саласың го. Анан эми 500 миң калкка эсептелип жаткан шаарды кантип эки-үч жылда баштап жибересиң. Сабыр кылып тургула. Буюрса, бир күнү ал шаар да башталып калат»,-деп билдирген Жапаров.

Количество просмотров: 331