• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жапаров: Ата-бабаларыбыздын ат көтөргүс иштеринин аркасында бүгүнкү эгемен Кыргызстанда жашап жатабыз

25 Тогуздун айы 2021 13:17 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда, чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракесин белгилөөгө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.  

Төмөндө Мамлекет башчысынын сөзү:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Кадырлуу мекендештер!

Бүгүн биз Сиздер менен мааниси терең датада жолугушуп олтурабыз. Башкача айтканда, улуу тарыхый инсандарыбыздын бири, мамлекеттик, коомдук жана саясий ишмер Исках Раззаковдун туулгандыгынын 110 жылдык мааракесин белгилеп жатабыз.

Тээ байыртадан бери эле биздин ата-бабаларыбыз тарыхы терең, санжырасы кенен, байыркы улуу кыргыз элибиздин мамлекет болуп түптөлүшү, калыптанышы, өсүп-өнүгүшү үчүн күрөшүп келишкен. Өз эл-жерин сүйгөн, ага кан-жанын аябай өлбөс-өчпөс из калтырган ата-бабаларыбыздын ат көтөргүс иштеринин аркасында бүгүнкү эгемен Кыргызстанда жашап жатабыз.

“Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт” дегендей, өтмүшүбүздү так билип, биз үчүн эл-жерин сактап, мамлекет түптөп кеткен ата-бабаларыбызды бүгүнкүдөй эскерип турбасак, тарых бизди кечирбес. Алар бизге аманат кылган мурастарын көздүн карегиндей сактап, кийинки муунга татыктуу өткөрүп берүү биздин ыйык парзыбыз болууга тийиш.

Элибиз журт башына келе турган адамдын эң алгач эле таза, калыс, адилет болушун тилейт. Ошондон улам эл арасына Исхак Раззаковдун “Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот” деген асыл кеби суудай сиңип, башкы үлгүгө айланып кетти. Анын таасын, таамай айткан бул сөзү бүгүнкү күндө дагы негизги урааныбыз болуп келет.

“Адам тагдыры менен кошо төрөлөт” деген кеп сыңары, Исхак Раззаков атабыз кичинесинен эле кыйынчылыктарга туш болуп, түгөнбөгөн түйшүк менен татаал жолду башынан кечиргени жалпыбызга маалым. Бирок жаштайынан чыйрак өсүп, Самарканддан, Москвадан билим алып, эмгек жолун Өзбекстандан баштап, бара-бара көптөгөн мамлекеттик кызматтын баскычтарын басып өтүп, 1945-жылы 35 жашында Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы болуп дайындалган.

Эч нерседен тайманбаган, көзгө тике карап, бетке айткан, көкүрөгү таза инсан Исхак Раззаков өз элин, өз жерин көтөрүүнүн жолдорун издеп, элибиздин билимдүү-илимдүү болушу үчүн зор эмгек жумшаган.

Республиканын маданий, агартуу жана илим тармактарынын өнүгүшүнө өзгөчө чоң салым кошкон. Кыргыз жаштарынын Россия мамлекетинин жогорку окуу жайларынан ар тараптуу билим алышын камсыздады. Анын аракети менен Кыргызстандын өзүндө жогорку окуу жайлар ачылып, кыйла жылдардан бери чечилбей келаткан кадр маселеси оңунан чечилген. Мектептерде окуучуларга ысык тамак уюштуруу маселеси ошол мезгилде эле каралган.

Ошону менен бирге анын демилгеси менен айыл чарба техникаларын жасоочу завод, жип ийрүү, трикотаж, бут кийим фабрикалары сындуу бир катар өнөр жай ишканалары курулган. Облустарды байланыштыруучу жолдордун жана ошондой эле маданий жайлардын курулушу дагы колго алынган.

Ошентип Исхак Раззаковдун жөндөмдүүлүгүнүн жана иштин көзүн билген уюштуруучулугунун натыйжасында республиканын билим берүү, маданият, эл чарбасы, экономика, өндүрүш тармактары өнүгүү жолуна түшкөн.

Исхак атабыз сөзгө чечендиги менен бирге айткан сөзүнө турган кыраакы жетекчи болгондугу дагы аңыз кепке айланган.

Ал кездерде – Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки республикадагы оор абалды жолго салып өнүктүрүүдө алгач элдин атуулдук аң-сезимин ойготуп, алга жетелеш үчүн жалындуу сөздөрү менен кылган иши төп келиши керек эле. Мына ошондуктан, Исхак Раззаков бардык иш-чараларды кылдат пландаштырып, чарчадым-чаалыктым дебестен, күнү-түнү эмгектенип, жүргүзүлүп жаткан иштерди өзү барып, көз салып, кабар алып турган.

Улуу инсандар жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги менен улуу болот эмеспи. Айткан сөзү менен кылган иши төп келишкен Исхак Раззаковдун жөнөкөй мүнөзү, адамдык сапаты анын кадыр-баркын ого бетер көтөргөн.

Мындай ар тараптан өнүккөн, жан дүйнөсү таза, сөзү менен иши дал келген, мекенчил, залкар инсандар эл ичинде эч качан унутулбайт.

Андыктан, Исхак Раззаковдун Ата Журт алдындагы опол тоодой эмгегин ар дайым эскерип туруу — биз үчүн ыйык парз.

Өмүрү, баскан жолу кийинки муунга өрнөк болгон Исхак Разаковдун 110 жылдык мааракеси кут болсун!

Бар болуңуздар!”.

Количество просмотров: 107