Садыр Жапаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин маселесине кызыкпай турганын билдирди. 27-апрелде Жапаров АКИpress агенттигине курган маегинде “Атамбаевди качан бошотушат деп ойлойсуз?” деген суроого “аны сот чечет” деп жооп берди.
“Билишимче, Кой-Таш окуясы жана Батукаев боюнча сот болууда. Сураган эмесмин, качан бошотушарын билбейм. Аны сот чечет», — деп билдирди президент.
Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна жана Кой-Таш окуясына байланыштуу соттолууда. 2019-жылы августта кармалган мурдагы президент азыр Бишкектеги №47 абакта отурат. Соңку соттук отурумда анын саламаттыгын аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынган.