• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жапаров: Атамбаевди укугум болсо, эртең үй камагына чыгарып коёт элем

12 Жетинин айы 2020 14:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-ноябрдагы Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаровдун маалымат жыйынында Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгаруу тууралуу суроо узатылды.

Журналисттин суроосуна жооп берген Жапаров колунан келсе Атамбаевди үй камагына деле чыгарып кое тураганын айтты.

«Азиз Батукаев боюнча камалбады беле. Андан кийин Кой-Таш окуясы боюнча дагы кылмыш иши бар экен. Соттор, прокурорду, күнөөлөп жаткандарды мен «сен тигиндей кыл, мындай кыл» деп айта албайт экенмин да. Эгерде менин колумда болсо, менин толук укугум болсо, эртең үй камагына чыгарып коёт элем. Эми азыр үй камагына чыгар деп сотторго, прокурорлорго тапшырма бере турган болсом дагы айтып чыгасыңар да: «мына диктатура кылып жатат, бийликти узурпация кылып алды» деп», — деди Жапаров.

Количество просмотров: 524