• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров Азербайжандын элчисин кабыл алды

25 Тогуздун айы 2021 10:42 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджевди анын дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы Азербайжан Кыргызстандын маанилүү өнөктөшү экенин жана өлкөлөр ортосундагы мамилелер жалпы тарых, маданият, тил, руханий жана диний баалуулуктардан келип чыккан бекем достук жана бир туугандыкка негизделгенин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Гидаят Оруджевге жана анын жакындарына чың ден соолук жана мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгилик каалап, ошондой эле Азербайжан президенти Ильхам Алиевге салам жолдоону өтүндү.

Азербайжандын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Оруджев мамлекет башчысына ыраазычылык билдирип, ошондой эле Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин боордош Кыргызстандын элине эң жакшы каалоо-тилектерин билдирди.

Гидаят Оруджев Кыргызстан менен Азербайжан ортосундагы кызматташтык мындан ары да тереңдеп жана кеңейерине ишенимин билдирди.

Количество просмотров: 46