• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Жапаров Азия чемпионатындагы балбандардын ийгилигине сүйүндү

11 Чын куран 2023 10:41 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров фейсбук баракчасына билдирүү жазып, балбандарды Азия чемпионатындагы жеңиши менен куттуктады.

«Кыргыз балбандары мыкты күрөшүп дайыма алдыңкы орундарды алып келет. Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында спортчуларыбыздын бир тобу байгелүү орундарга ээ болгонуна кыргыз эли сүйүнүп, бири-бири менен кубанычтарын тең бөлүшүүдө. Бул кубанычты тартуулагандар: алтын байге ээлери — Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Акылбек Талантбеков жана алтынга тете күмүш алган Үзүр Жусупбеков, коло байге ээлери — Роман Ким, Раззак Бейшекеев жана Адилхан Нурланбеков. Бул да болсо кыргыз спорту өнүгүп жатканынан кабар берет. Балбандарыбызды бул жеңиши менен жалпы кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктаймын!», — деп жазды президент.

Ошону менен катар Жапаров өз билдирүусүндө алдыда килем үстүнө чыгып, өлкө намысын коргой турган балбан кыздарга ийгиликтерди каалаган.

Количество просмотров: 333