• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров банк жетекчилери менен жолугушту

22 Тогуздун айы 2021 15:08 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн коммерциялык банктарынын жетекчилери менен өткөн бизнес-ланчка катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуунун негизги темасы – накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн жогорулатуу.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, экономиканы көмүскөдөн алып чыгуу үчүн ачык-айкындуулук керек.

«Эң алдыңкы технологиялар ар дайым банктарда болгон. Биз накталай эмес эсептешүүлөрдү жогорулатууну стимулдаштыруу иши Министрлер Кабинетинин карамагында болуусун каалайт элек. Алсак, Казакстан Республикасында салыктарды чогултуу банктардын биринин телефондогу тиркемесине жараша жогорулаган. Анда адамдар базардагы азык-түлүктөр үчүн да ал тиркеме аркылуу эсептеше баштады. Банктар жаңы технологияларды киргизүүдө жардам берет деп ишенем. Министрлер Кабинетинин алдыга койгон милдеттерине толугу менен жетишүүгө болот», — деди Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаров белгилегендей, Министрлер Кабинети банктардын пикирин жана сунуштарын эске алуу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү жогорулатуу боюнча чараларды кабыл алат. Ошол эле учурда ал коммерциялык банктар менен маселелерди талкуулоо үчүн мындай жолугушуулар үзгүлтүксүз негизде өткөрүлөөрүн белгиледи.

Андан соң коммерциялык банктардын жетекчилери өз суроолорун берип, тийиштүү сунуштарын киргизди.

Количество просмотров: 166