• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жапаров «Барселонанын» легендалары менен жолдоштук беттеште ойнойт

19 Баш оона 202312:01 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров испаниялык «Барселона» клубунун легендалары менен жолдоштук беттеште ойнойт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Футболдук беттеш 30-августта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 20:00дө башталат. Мамлекеттик башчысы «Азия легендалары» командасынын курамында оюн талаасына чыгат.

Эске салсак, «Барселонанын» жылдыздары Кыргызстанда үч күн, 28-августтан 30-августка чейин болот. Алар испаниялык клубдун Жалал-Абаддагы академиясынын расмий ачылыш аземине катышып, Бишкекте жолдоштук беттеш өткөрөт.

Количество просмотров: 156