• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров баштаган кыргыз делегациясы «Сбербанктын» иши менен таанышты (сүрөт)

26 Теке 2022 16:30 Бишкек Govori.TV

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясы Россия Федерациясына жумушчу сапары менен барды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Акылбек Жапаров жана делегация мүчөлөрү «Сбербанк России» ачык акционердик коомунун иши менен таанышты.

Делегация Москва шаарындагы Кутузовский проспектинде жайгашкан каржы мекемесинин жаңы штаб-квартирасын көрүп чыгып, Сколководогу СберУниверситетке, Хорошколага (атайы адистештирилген мектеп), Киберкоопсуздук борборуна жана Дата-борборуна барды.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Сбербанктын өкүлдөрү конокторго өздөрүнүн акыркы иштеп чыгууларын тартуулашты. Тараптар ошондой эле учурдагы макроэкономикалык кырдаал боюнча пикир алмашып, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Белгилесек, кыргыз делегациясынын жумушчу сапары Сбербанк башкармалыгынын Президенти, Төрагасы Герман Грефтин чакыруусу менен уюштурулган.

Количество просмотров: 150