Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен облусунун Баткен районундагы аскер бөлүктөрүнүн абалы менен таанышты.
Министрлер кабинетинин башчысына аскердик техника жана аскер кийимдери көрсөтүлдү. Өз кезегинде Акылбек Жапаров жоокерлерге кайратман кызмат өтөөсү үчүн ыраазычылык билдирип, Ардак грамоталарды жана Министрлер кабинетинин төрагасынын энчилүү сааттарын тапшырды.
Күндүн соңунда Акылбек Жапаров Финансы министрлигинин бажы кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери менен жумушчу кеңешме өткөрүп, анда 2022-жылга карата милдеттер жана пландар белгиленди.