• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жапаров Беларусь Республикасына барат

2 Кулжа 202411:43 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын 3-4-июнунда иш сапары менен Беларусь Республикасына барат.

Жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Мындан тышкары, «Евразия экономикалык бирлигинин азык-түлүк коопсуздугу» пленардык сессиясына катышуу жана «Белагро-2024″эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө баруу пландаштырылган.

ЕӨАКнин кезектеги отурумунда 10дон ашык маселе каралат, анын ичинде Евразия өнүктүрүү банкынын инвестициялык ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу жолу менен ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө көмөктөшүүсү, трансчек аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана аларда атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууларга бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын жылдык отчету, 2023-жыл үчүн.

Количество просмотров: 108