• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров: Бирөөнү кама деп буйрук бермек түгүл, ажатканага барганга убакыт жок

23 Тогуздун айы 2021 17:22 Бишкек Govori.TV


Бүгүн, 23-октябрда»Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун жылдык маалымат жыйыны өттү. Жапаров бир жыл ичинде аткарылган иштер боюнча баяндама жасап, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Жыйында активист Орозайым Нарматова тууралуу кеп козголду. Өлкө башчы «бирөөнү кама» деп буйрук бербей турганын айтты.

«Коомчулук, журналисттер сиздер «президент ар кимди кама» деп отурат деген ойдо окшойсуздар. Кечирип коюңуздар, бирок айрым учурда ажатканага барганга убакыт жок. Орозайым Нарматова убагында иштеп көп жардам берген. Анан чүкөдөй кызга эрегишмек белем. Мен баламды тебелеп кеткен адамды кечирип койгом. Нарматованын кармалганын кеч билдим. Тескерисинче ИИМден суранып чыгаргам. Орусияга учурганга мен түрткү болгом», — деди Жапаров.

Количество просмотров: 410