• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жапаров: Бир жарым айдан бери биринчи жолу 8 саат уктап, жаным жай ала түштү

16 Жетинин айы 2020 14:38 Бишкек Govori.TV

Эки күн мурда кызматтык милдетин өткөрүп берген Садыр Жапаров тоого эс алууга барды. Ал “бир жарым айдан бери биринчи жолу 8 саат уктап, жаным жай ала түштү”,- деп жазат соцтармактагы баракчасына.

“Сегиз жылдан бери биринчи жолу тоого эс алууга келдим.
Бир жарым айдан бери биринчи жолу 8 саат уктап, жаным жай ала түштү. Буга чейин 24 сааттын 20 саатын иш үстүндө өткөрүп жүрдүм. Себеби, мурда мойнумда бир эле үй-бүлөөнүн жоопкерчилиги болсо, бир жарым ай бою алты жарым миллион элдин, бүткүл Кыргызстандыктардын тагдыры турду.
Кудайга миң мертебе шүгүр. 6-октябрь күндөрү бир атка минердин чекесине черттирбей, бир айнек сындыртпай, өлкөбүздө жаралган оор абалды колубузга алып, мыйзам талаасынан чыкпай, тынчтык жолу менен бийликти алмаштыра алдык. 2010-жылкы окуядан сабак алалы дедик. Ошого макул болуп, тынчтыкты сактап берген эл журтума терең ыраазычылык билдирем.
Албетте 5-октябрь түнү он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек чырактай уулубуз Үмүттүн каза болушу баарыбызды өкүндүрөт. Жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торко болсун, Кудайым бейишинен берсин демекчимин. Куран окуп туралы. Башка арга жок.
Андан сырткары миңден ашуун жарандарыбыздын жаракат алышы да кейитпей койбойт. Сакайып кетишин тилейбиз. Колубуздан келишинче жардам бергенге аракет кылабыз.
Бир жарым айдын жарымын гана толук кандуу иштедик. Ушул аралыкта бир топ иштерди аткарганга үлгүрдүк. Бир топ жылдан бери басылып жаткан кагаз иштерин ревизия кылып чыктык. Көптөн бери чечилбей келген трансфрмация маселелерин чечтик. Жүз миңден ылдый кредит алып, үстөгүн төлөй албай жүрүшкөн жарандарыбызга үч айлык үстөгүн мамлекет тарабынан жардам кылалы деген чечим чыгардык. Айла жок, мамлекеттин күчү жетсе баарына жардам берет элек. Жокко айла жок экен. Бирок Кудай буюрса ага да жетебиз. Убакыт керек, — деп жазган ал.

Количество просмотров: 183