• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров: «Бири-бирин коргоо», «пара берүү» жана көмүскө экономика сыяктуу көрүнүштөргө жол берилбеши керек!

16 Жетинин айы 2021 11:43 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда президент Садыр Жапаров Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин жыйынында билдирди.

«Ишкерликти коргоо боюнча кошумча чараларды караштырууга багытталган эки Жарлыкка кол коюлган. Анын негизинде укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын бизнести жөнү жок, негизсиз текшерүүлөрүн токтото алдык. Ал тургай Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы кызматты жойдук. Анткени, мамлекеттик бийлик системалары бизнес менен жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн иштеши керек. Ата мекендик болобу же чет өлкөлүк болобу, инвесторлордун ар бир кайрылуусу, же жарандардын ар бир кайрылуусу менен арызы өтө кылдаттык менен изилденүүгө тийиш. Рейдерлик басып алууларга күнөөлүүлөр, билип туруп адилетсиз чечимдерди чыгарган сот жана укук коргоо органдары мыйзам чегинде толук жазаланышы керек», — деди ал.

Президент Садыр Жапаров белгилегендей, бизнес коомчулугу, мамлекеттик жана муниципалдык органдар ак ниеттүүлүк, абийирдүүлүк принциптерин сактоо менен иштөөгө тийиш.

«Бири-бирин коргоо», «пара берүү» жана көмүскө экономика сыяктуу көрүнүштөргө жол берилбеши керек. Экономикалык маселелер боюнча кабыл алынган сот актыларынын сапатын жогорулатуу үчүн бул ишке бизнес-ассоциацияларын тартуу менен бирге сот системасынын потенциалын жогорулатуу зарыл», — деди Жапаров.

Количество просмотров: 74