• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров: Бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө кымбатчылык болуп жатат

3 Тогуздун айы 2021 10:29 Бишкек Govori.TV

Мамлекет башчы Садыр Жапаров өлкөдө орун алган кымбатчылык боюнча пикирин билдирди.

Анын айтымында, коронавирус илдетине байланыштыруу соода-сатык токтоп, бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө кымбатчылык болуп жатат.

«Коронавирус оорусу башталганы бир жарым жыл болду. Бардык өлкөлөргө эшиктер жабык. Соода-сатык жокко эсе. Ошон үчүн бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө кымбатчылык болуп жатат. Албетте, мындай учурда салыктан да, бажыдан да төлөмдөр аз түшөт. Казына толбойт. Ошентсе да кымбатчылыкты токтотолу, бир чекте кармап туралы деп күнү-түнү алпурушуп жатабыз. Ковид менен күрөшүү тынымсыз уланууда. Казынадан акча бөлүп, вакцина сатып алдык. Айрым өлкөлөрдө вакцинаны акчага эмдеп жатышат. Бизде бекер вакцинаны жапа тырмак алгандан эринип, кайдыгерлик кылгандар да жок эмес. Эртерээк коронавирус токтосо, анан дүйнө мамлекеттерине эшиктер ачылат эмеспи. Албетте, анан кымбатчылык да басаңдайт эле. Ушунчалык кыйынчылыктарга карабастан, пенсия-пособие, эмгек акыларды көтөрүп жатабыз. Куралдуу күчтөрүбүздү күчтөндүрүп жатабыз. Жолдор жасалып жатат. Ар бир жасаган ишибиз элдин, мамлекеттин, урпактарыбыздын кызыкчылыгы үчүн гана болот. Кылымдар өткөндөн кийин да бүгүнкү жасаган иштерибизге уялбай тургандай болобуз. Баары жакшы болот. Кам санабаңыздар. Убакыт керек»,-деп билдирди Жапаров.

Количество просмотров: 458