• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смитти кабыл алды

9 Жалган куран 2021 14:02 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-мартта, өлкөнүн ишкердик субъектилеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү (бизнес-акыйкатчы) Робин Орд-Смитти кабыл алды.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Бизнес-акыйкатчы институтунун учурдагы ишмердүүлүгү, ишкерлерди колдоо чаралары тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы ишкерлердин мыйзамдуу укуктарын коргогон бизнес-акыйкатчы институтунун аракеттерине канааттангандыгын айтып, анын мамлекеттик органдардын мыйзамсыз аракеттеринен бизнести коргоодогу жана колдоодогу өзгөчө ролун белгиледи.

Робин Орд-Смитке өзүнүн эл аралык тажрыйбасын Кыргызстанда колдонгондугу үчүн, ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына бизнес-акыйкатчы институтун түзүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Кыргызстан демократиялык өлкө катары эркин ишкердик чөйрө түзүүгө умтуларын, өлкөдө ишкерлер менен инвесторлорго шарттарды жакшыртуу, бизнеске негизсиз кийлигишүүнү азайтуу боюнча жигердүү чаралар көрүлүп жаткандыгын белгиледи.

Садыр Жапаров конституциялык реформадан кийин Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин макамы көтөрүлөрүн, бул агенттик чет элдик инвесторлорду гана эмес, жергиликтүү ишкерлерди дагы колдоо менен алектенерин кошумчалады.

Ошондой эле ал Мамлекет башчысынын деңгээлиндеги түз байланыштарды жакшыртуу үчүн бизнес-акыйкатчы институтунун макамын жогорулатуу ниетин билдирди.

Президент Садыр Жапаров инвесторлор үчүн Кыргызстандын эшиги ар дайым ачык экенин дагы бир жолу баса белгиледи.

Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит акыркы мезгилдерде ишкерлер тарабынан өлкөнүн мамлекеттик органдарынын ишине даттануулар көбөйгөндүгүн маалымдады. Көбүнчө алар — фискалдык, укук коргоо жана сот органдарынын ишкерлердин ишине ашыкча жана негизсиз кийлигишүүлөрү.

Буга байланыштуу Робин Орд-Смит мамлекет башчысынын алгачкы Жарлыктарынын бири — «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» Жарлыгынын өзгөчө маанисин баса белгиледи. Бул документ өлкө жетекчилигинин ишкердүүлүктү жана инвесторлорду колдоодо чечкиндүү саясий эркин көрсөткөндүгүн тастыктайт.

Ошондой эле ал көпчүлүк учурда мамлекеттик органдар ишкерлер менен алдын-ала кеңешпестен өзүнчө чечим кабыл аларын, ал эми бизнес-акыйкатчы институтунун сунуштары көңүл буруусуз калып жаткандыгын өкүнүү менен кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров ишкерлер менен коомчулук бул институтка чоң үмүт артып жаткандыгын баса белгилеп, андыктан ишкерлердин жана инвесторлордун мыйзамдуу укуктарын коргоо боюнча бизнес-акыйкатчы институтунун миссиясын толук колдой тургандыгына ишендирди.

Количество просмотров: 68