• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров: БШК «добуш уурдадык» деп айтып чыгышса, токтоосуз эле отставкага кетип калайын…

3 Бештин айы 2021 13:22 Бишкек Govori.TV

Шайлоо жакшы өттү. Бул менин баам эмес. Биринчи кезекте көпчүлүк элдин баасы. Экинчиден, дүйнөлүк коомчулуктун, эл аралык байкоочулардын баасы. КМШ, Европа, ШКУ, Түрк дүйнөсү, Араб өлкөлөрү жана Америка өлкөлөрүнөн келген 800гө жакын байкоочулар катышышты. Шайлоонун эртеси алардын баары өз бааларын беришти. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров «Арыба» сайтына берген кыскача маегинде айткан.

“Шайлоолор эң жогорку деңгээлде өттү”, — деп алгылыктуу айтышкан өлкөлөр болду. Ошол эле демократиялуу делген Европа, Америка өлкөлөрү дагы жакшы баа беришти. Анын баарын өзүңөр деле ММКлардан көрдүңөр да. Баары шайлоо калыс өткөнүн, добуштар уурдалбаганын, техника калп айтпасын жакшы билишет. Себеби, ошол эле өнүккөн мамлекеттер ушул техникалар боюнча бизден 50 жыл алдыга кеткен. Эгер чындап уурдалган болсо жакшы айтмак түгүл дүйнө жүзүнө дүңгүрөтө жарыялап чыгышмак. “Мына Кыргызстанда ушундай болду, добуштар уурдалды”, — деп. Ал эми “добуштар уурдалды, бюллетендерди түнү менен алмаштырышат” деген саясатчылардын айткандары абсурд. Республика боюнча 31 миң шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бар. Элестетиңиз, 31 миң кишинин катышуусу менен түн катып бюллетендерди көтөрүп алып чуркап жүрүшкөнүн. Азыр үч киши менен кыңыр иш кылсаң бир заматта билинип калчу заман. Эгер эле бийлик тараптан басым болсо, БШКнын башчысы, адистери же участкалык шайлоо комиссияларынын 31 миң мүчөсү “бийлик ушинтип басым жасады, анан биз ушинтип добуш уурдадык” деп айтып чыгышсын. Мен токтоосуз эле отставкага кетип калайын. Ал эми протоколдорду кайра көчүрүп жазып жаткандар ар бир шайлоодо болот. Айрымдары туура эмес толтуруп алышат. Кайра оңдошот. Баары эле бирдей билимдүү эмес да. Эң негизгиси, бюллетендер так болсо болду. Бул жерде болгону БШКнын катасы утулуп калган партиялардын чырагына май тамызып берди. Утулгандар өздөрү деле эң жакшы билишет санактар жакшы эле кетип жатканын. Билмексен болуп кыйкырып жатышат. Аларга жөн гана шылтоо керек. Серверди түшүнгөнү деле, түшүнбөгөнү деле сайрап жатып калышты. Айрымдары элдин башын айлантып, өздөрү таблица чийип ала коюп сүйлөп чыгышты. “Мына, ушинтип уурдайт добуштарды”, — дешип. Кимде ким добуш уурдаган болсо, аны Кудай өзү жазаласын. Бирок, азыр техниканын заманы. Азыр добуш уурдай албайсың. Добуштарды уурдоо тээ 1990-2000-жылдары болчу. Ал убакта бюллетендер кол менен саналчу. Бир талапкердикин экинчи бир талапкерге оодарып койсоң болот эле. Азыр сервер дароо чыгарып берип коет. Бул алдын ала жыйынтык. Андан кийин бир жуманын ичинде кол менен санап чыгасың. Мына ошол мыйзамдуу жана так жыйынтык. Сервер берген жыйынтык менен кол менен санагандын ортосунда анча-мынча эле айырма болот. Анткени урна санап жатканда квадраттан чыгып кеткен «птичканы» жараксыз катары санап койгон учурлар болот. Ошол үчүн жергиликтүү комиссия өкүлдөрү “квадраттан чыгарбай койгула” деп эскертип турушат эмеспи. Кол менен санап жатканда андай бюллетендерди комиссия байкоочулар менен бирге жарактуу деп чечим чыгарса, ал бюллетен жарактуу болуп саналат. Ошондуктан ошол бюллетендер кошулса ошол партия же талакердин добушу көбөйөт. Азайбайт. Ал эми “серверге кирип жасайт, добуш уурдайт” деген бул түшкө кирбеген нерсе. Урна менен сервердин аянтына кире албайсың. Сервер БШКга санактын сандарын гана чыгарып берип турат. БШК болгону аны өзүнүн сайтына жарыялап турат. Ошол БШКнын сайтынан бир санды эки жолу салып коюп ката кетирип алышкан. Бирок тез эле сервер чыгарып берип жаткан сандарга кайра коюлган. Бул маселе боюнча мен дароо баарын чогултуп, такташтырдык. Адистер “эч арам оюбуз жок эле ката кетирип алдык” дешти. Чындыгында эле ошондой болуп чыкты. Ошентсе да УКМК териштирүү кылып, суракка алышты. «Балким, атайылап сүйлөшүп алышып оппозиционерлер үчүн шылтоо жасап берип жатышкан жокпу?» деген ой менен. Андай нерсе азырынча байкалбайт. Шайлоо бүтүп, жыйынтыгы чыксын, анан дагы териштиребиз. Күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин карайбыз»,-деп билдирген Жапаров.

Количество просмотров: 6133