• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров быйыл мугалимдердин айлыгы көтөрүлө турганын айтты

29 Баш оона 202514:56 Бишкек Govori.TV

Садыр Жапаров Ош шаарында №11 Валентина Терешкова атындагы жатак мектептин ачылыш аземинде сөз сүйлөп жатып, быйыл мугалимдердин айлыгы көтөрүлөрүн айтты.

Өлкө башчысы белгилегендей, өлкөнү алдыга жылдырууда кесипкөй адистердин баасы-баркы күн сайын өсүп баратат. Кесипкөй адистерди чыгаруунун башаты мектептерде, мугалимдердин колунда. Мына ошондуктан мугалимдер коомдон бир нече кадам алдыда турушу зарыл. Ал эми мамлекет тарабынан эмгеги татыктуу бааланууга тийиш.

“Күн сайын изденүү, саат сайын жаңылануу, билимиңиздерди өркүндөтүү аркылуу бүгүнкү балдарыбызга заман талап кылып жаткан тарбия, билим берип, кесипкөйлүккө жол чаап беришиңиздер керек. Бул сиздердин кесиптик милдетиңиздер, мугалимдик парзыңыздар. Ал эми тарбиячыларга жана мугалимдерге кам көрүү максатында бардык шарттарды түзүп берүүгө аракеттенип жатабыз. Сиздердин ат көтөргүс эмгегиңиздер мамлекет тарабынан татыктуу бааланууга тийиш. Жаңы мектептер, жаңы китептер, жаңы усулдук программа менен катар быйыл эмгек акыңыздарды да көтөрүп беребиз”, — деди президент.

Количество просмотров: 362