• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жапаров: Centerra Gold компаниясы шайлоого таасир этип, өлкөнүн саясатына кийлигишкен

12 Бугу 202116:55 Бишкек Govori.TV

Centerra Gold Inc. компаниясы шайлоого таасир этип, өлкөнүн саясатына кийлигишкен. Бул тууралуу «Кумтөр» компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров жыйын учурунда айтты.

» 2011-2012-жылдары Centerra Gold Inc. демөөрчүлүк каражатты мыйзамдарды бузуу менен которгон. Ал борбордук казыналык системадан тышкары колдонулган. 2011-жылы сентябрда Centerra компаниясы Жарандык турак жай куруу департаментинин эсебине РСК банкы аркылуу 10 миллион доллар которгон. Ага курула турган объектилердин тизмеси премьер-министр Алмазбек Атамбаев тарабынан 13-сентябрда бекитилген. Бул президенттик шайлоого чейин жана үгүт маалында болгон», — деди Жапаров.

Количество просмотров: 154