Президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда курман болгондордун жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы маалымдады.
«Азыр жалпы өлкө Баткен облусундагы чек арадагы акыркы окуяларда жакындарын жоготкон кыргызстандыктар менен бирге аза күтүүдө. Жаракат алган жарандардын тез сакайып кетишин каалайм», — деп баса белгиледи президент.
Жапаров бийлик чек ара жаңжалында жабыркагандардын бардыгына ар тараптуу колдоо көрсөтөөрүн да кошумчалады.