• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жапаров чек ара кызматын УКМКга кошуш керек экенин билдирди

2 Жетинин айы 2020 13:42 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Мамлекеттик чек ара кызматын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кошуш керек экенин билдирди. Бул тууралуу Жапаров Баткендеги иш сапарында айтты.

«Мамлекеттик чек ара кызматын УКМКга өткөрүп беребиз деген планыбыз бар», — деди Жапаров.

Ошондой эле Жапаров чек арадагы маселелерди коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүү жолу менен чечерин белгиледи.

2-ноябрда Садыр Жапаров Баткенде иш сапары менен жүрөт. Ал Бакай айылына жакын Көк-Таш — Ак-Сай – Тамдык жолунун курулуш иштерин көрүп чыкты.

Учурда УКМКны Садыр Жапаровдун жакын досу болуп саналган экс-депутат Камчыбек Ташиев башкарып жатат.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 61