• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров чек арада жаракат алгандарга барды

17 Аяк оона 2022 19:55 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышууларда жаракат алган балдардын жана жарандардын абалынан кабар алды.

Жапаровго Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда тийиштүү дарылануу жана психологиялык жардам алып жаткан 7 баланын абалы тууралуу маалымат берилди. 

Андан соң Министрлер кабинетинин башчысы Улуттук госпиталда дарыланып жаткан жарадар болгон жарандарга жана аскер кызматкерлерине барды. Учурда медициналык мекемеде 36 адам дарыланууда, жабыркагандардын абалы орто жана оор деп мүнөздөлөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы бардык жабырлануучулар тийиштүү дарылануу жана андан ары ден соолугун калыбына келтирүү менен камсыздалаарын баса белгиледи.

Акылбек Жапаров жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалады.

Количество просмотров: 301