• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары менен жолукту

24 Бештин айы 2022 17:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-декабрда президент Садыр Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында Баткен районунун чек арадагы Ак-Сай жана Капчыгай айылдарынын жергиликтүү тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы пикир алышуу учурунда чек ара маселелерин жөнгө салуу чаралары тууралуу айтып берди, жергиликтүү тургундардын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу, өндүрүштүк жана социалдык объектилерди куруу, жаштардын чет өлкөлөрдөгү эмгек миграциясы көйгөйлөрүн чечүү үчүн жумушчу орундарын түзүү боюнча суроолоруна жооп берди.

Садыр Жапаров мамлекет Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн калыбына келтирүү жана камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды жана күч-аракетти багыттай тургандыгын белгиледи. Бул максаттарга республикалык бюджеттен сезилээрлик каражаттар бөлүнгөн. Мамлекет башчысы бардык көтөрүлгөн маселелер мамлекеттик органдар тарабынан каралып, милдеттердин артыкчылыктуулугу боюнча чечим кабыл алынарын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров жеринде тиешелүү мекемелердин жетекчилерине, райондун тургундары тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөрдү колго алууну тапшырды.

Өз кезегинде Ак-Сай жана Капчыгай айылдарынын жаңы үйлөргө отурукташкан жергиликтүү тургундары сапаттуу аткарылып жаткан иштер жана алардын турак- жайларында ыңгайлуу шарттар түзүлгөндүгү үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылык билдиришти.

Количество просмотров: 292