• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жапаров: «Дароо айтып коёюн, мектеп артта калгандар, жалкоолор үчүн жумуш берчү жер эмес»

4 Жетинин айы 202411:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-ноябрда «Адам капиталы жана туруктуу өнүгүү» улуттук форумунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөп жатып, мектеп артта калгандар, жалкоолор үчүн жумуш берчү жер эмес деген пикирин айтты.

Жапаровдун айтымында, бүгүнкү күндөгү эң маанилүү милдет мугалимдерди ойготуу, мотивация берүү.

«Мектеп, эң биринчиден, ар бир баланы маалымат топтоого, аны анализдөөгө, жаңы билим алууга үйрөтүүсү зарыл. Мугалимдерди кайрадан ишке кызыктырып, шыктандырабыз. Ал үчүн күчүбүздү да, каражатты да аябайбыз. Дароо айтып коёюн, мектеп артта калгандар, жалкоолор үчүн жумуш берчү жер эмес. Биз андайлардан аёосуз арылабыз», — деди Жапаров.

Количество просмотров: 619