• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жапаров: Депутат Каныбек Иманалиевдин кылмыш иштери бар

24 Жетинин айы 2020 10:18 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин кылмыш иштери бар. Бул тууралуу кечээ, 23-ноябрда  өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров 7-каналга берген маегинде билдирди.

«Каныбек Иманалиев «менден кылмыш издөө — Нарын дарыясынан крокодил издөөгө барабар» деп айтканы бар. Бирок басмакана фактысы боюнча кылмыш иши бар экен. Эмне үчүн бул ишти карабайсыңар десек депутаттыгынан коркушат. Ал Акаевден бери келе жатпайбы. Кылмыштары бар экенин өзү жакшы билет»,-деди Жапаров.

2016-жылы Бишкек шаардык прокуратурасы «Эркин-Тоо» басмаканасын менчиктештирүү фактысы боюнча кылмыш ишин кайра жанданткан. Бул иште парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев фигурант катары көрсөтүлгөн. Бул боюнча депутат мурда төмөндөгүдөй комментарий берген эле.

«Бул факт боюнча менден кылмыш издөө — Нарын дарыясынан крокодил издөөгө барабар. Бул иш мындан 15 жыл мурун болгон, сот иштерине мен күбө катары да чакырылган эмесмин. Мен төртүнчү адамдан мекеменин 17 пайыз акциясын сатып алгам, муну декларациямда дайыма көрсөтүп келем. Бул кылмыш ишинин келечеги жок. Текебаев, Салянова, Шыкмаматовдун  «Мегакомдо» акциялары бар деп каралагандай эле иш», — деген Иманалиев.

Количество просмотров: 235